Чымкент шаарында Кыргызстандык эмгек мигранттар ур-токмокко алынууда

Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстандык эмгек мигранттары, шаардагы "Бекжан" базарынын жетекчилиги тарабынан массалык түрдө ур-токмокко алынууда. Аталган соода жайында 7-сентябрь күнү өрт чыгып, жыйынтыгында Кыргызстандын көпчүлүк жарандары жабыркаган эле. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда болгон маалымат жыйынында Кыргызстандын акыйкатчысынын аппаратынын жарандарга кайрылуу иши боюнча башкармалыктын инспектору Айзада Омуралиева билдирди.

Анын айтымына караганда, алардын мекемесине кыргызстандыктардан арыз келип түшкөн. Анда базардын өкүлдөрү тарабынан дайыма уруп согуу фактысы болуп тургандыгы туурасында айтылган. Кыргызстандыктар, базардын жетекчилиги ар дайым коркутуп, шаардын четине алып барып, курал менен коркутуп сабагандарын айтышат.

Азырынча Кыргызстандыктарды эмне үчүн сабаганынын себептери белгисиз. Соода кылуучу жайдын өкүлдөрү белгисиз себептерден улам маалымат жыйынына келишкен жок. Эске салсак, акыйкатчынын аппараты атайын алар үчүн маалымат жыйын уюштурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД