Бишкекте жана ага жакын аймактарда жаратылыш газын пландуу өчүрүү болбойт

Бишкек шаарында жана ага жакын жайгашкан аймактарда жаратылыш газын пландуу өчүрүү бул жылы болбойт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бактыбек Байтиков, "ВБ" га берген маегинде таратты.

Анын айтымында, өтүп бараткан жылы Бишкектин 5 районунда жана шаардын четинде газтранспорттук түйүндөрдү пландуу ондоп түзөө болуп, бир канча абонетти газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Байтиковдун айтымында, акыркы 2 жылдан бери ондоо иштерине байланыштуу, кардарларга жаратылыш газын берүү токтотулуп келет. Эске салсак, бүгүнкү күнгө чейин Бишкекгаз 2 ири ондоо иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Бишкектин борборунда жана түштүк тарабында газ өчүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД