Бишкек шаарынын волейбол боюнча курама командасы женүүчү аталды

Бишкек шаарынын волейбол боюнча эркектер жана аялдар курама командасы, КМШ өлкөлөрүнүн VIII Эл аралык спорт оюндарында волейбол боюнча женүүчү аталды.

Аталган спорттук мелдеште эркектер арасында Кыргызстандан жана Орусиядан 4 команда катышты.

Волейбол боюнча федерациянын башкы катчысы Кылыч Сарбагышевдин айтымында, алар бул мелдештен чон үмут кылышкан. "Биздин ишеничтер акталды. Кыргызстандык балдар мыкты формада экенин аныктап коюшту. Биз уюштуруучулук жагына, мелдештин денгээлине ыраазыбыз",- деди башкы катчы.

Оюндун айлапма системасынын жыйынтыгында, Бишкектин эркектер курама командасы биринчи орунга татыды. 2-орунга Орусиялык "Аэрофлот" командасы, 3-орунга Орусиялык "Урожай" командасы илинди.

Аялдар арасында мелдеште Бишкектин командасы 1-орунду алды. 2-орунга Казакстандын курама командасы, 3-орунга Орусиялык "Урожай" командасы ээ болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД