Күйүк борборундагы 2 бейтап канга муктаж

Республикалык кан борборунун жетекчилиги, ошондой эле канга муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар, потенциалдуу донорлорго кан тапшырууларын жана кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактап калуу үчүн жардам сурап кайрылышат.

Республикалык кан борборунда кан препараттарынын жетишсиздиги тууралуу маалымат, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна караштуу күйүк борборунан келип түшкөн. Учурда бөлүмдө оор абалдагы 2 бейтап жатат. Аларга 2 суткадан бери керектүү плазма менен капельница кылынган жок. Анткени аталган суюктук кан борборунда жок.

Бүгүнкү күндө 1 -топтогу препаратка Мадина Дайырбекова жана Гулзат Чокморбаева муктаж болууда.1 жаштагы Мадинаны Таластан алып келишкен. Ал кайнап жаткан бульонду өзүнө төгүп алып, денесинин 35 пайызы күйүп калган. Ал эми Гулзат Беловодское айылынан келген. Ал досу менен унаанын ичинде отурганда, унаа күйүп кеткен. Досу унаанын ичинен биринчи чыккан үчүн, анчалык деле катуу жабыркаган эмес. Ошентсе да ал күйүк борборунда дарыланууда.

Эгерде сиздин каныныздын тобу 1 болсо жана донорлук үчүн каршы көрсөткүчтөр болбосо, анда кан тапшырып кетсениз болот. Дареги: Республикалык кан борбору, Тынчтык проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилиши. Күн сайын саат 14кө чейин , ишемби күнү саат 12ге чейин иштейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД