Эртен Бишкектин жана Аламүдүн районунун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт

Эртен, 11-сентябрда саат 10дон 17ге чейин Бишкек шаарынын батыш тарабында Махатма Ганди жана Биринчи Май көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "ТүндүкЭлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле убакытта Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын Мектеп, Веселая, Сельская, Совхоз, Чыгыш, Жаш Гвардия, Виноградная, Ала-Арча, Новая, Молодежная, Набережная көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт.

Элект жарыгынын өчүрүлүшү өсүп кеткен бак-дарактардын бутактарын кыюуга жана ондоо иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД