Жайыл районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен

Жайыл районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Өтүп бараткан дем алышта болжол менен "Ауди" унаасын башкарып бараткан айдоочу, Кара-Балта-Сарыбулак кан жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 25-30 жаштардагы азият улутундагы аял ошол жерден каза болгон. Ал эми күнөөлүү айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД