КМШ өлкөлөрү ортосундагы эл аралык оюндарда Кыргызстан 209 медалга ээ болду

Уюштуруучу комитеттин "ВБ" га берген маалыматына караганда, Орусиянын командасынын алган медалдарынын жалпы саны 184. Анын ичинен 87 алтын, 67 күмүш жана 30 коло медаль. Орусиялыктардан айырмаланып Кыргызстандын алган медалдарынын саны 209га жетти. Бирок, алардын арасынан 58 алтын, 69 күмүш жана 82 коло. 3- болуп Казакстандын командасы келе жатат. Алар жалпысынан 63 медаль алышты. Мындан тышкары Белорусия 41, Тажикстан 7, Украина 2, Түркмөнстан 1 медалды багындырышты. Азербайжандан жана Өзбекстандан келген командалар бүгүнкү күндө бир дагы медалга ээ боло элек.

Эске салсак, КМШ оюндарында 9 өлкөдөн келген 1000ге жакын спортчу катышууда.Алар спорттун 18 түрү боюнча ат салышууда. Мелдеш 12-сентябрда аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД