Тогуз-Торо районунда тоо жайыттары өрттөндү

Тогуз-Торо районунда тоо жайыттары өрттөндү. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар маалымдашты.

Жайыттардын өрттөнгөндүгү тууралуу билдирүү кечээ, 10-сентябрда саат 11де келип түшкөн. Окуя болгон жерде ӨКМнын кызматкерлеринин алы жетпей тургандыгы айкын болгон. Учурда жалын 30га аянтты курчап алган. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү калк дагы тартылган. Кечээ тургундар түнгө чейин иштешкен, бүгүн саат 5те тилсиз жоону өчүрүүгө жөнөп кетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД