Эркектердин психоневрологиялык үй- интернатында бейтаптар арасында уруш болгон

Ушул жылдын 16-августунда Чүй районуна караштуу Искра айылында жайгашкан эркектердин психоневрологиялык үй- интернатында оорулуулар арасында уруш болгон. Бул тууралуу КР акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, уруш маалында бейтаптардын бири жаракат алып, Чүй ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. "Жарандардын укуктарына кепилдиктер жана психиатриялык жардам тууралуу" Мыйзамга ылайык, аталган социалдык мекеме кол алдындагылардын коопсуздугун камсыз кылышы керек эле.

Аталган үй- интернаттын директору Ж.Салиевге, комиссия түзүп кызматтык иликтөө жүргүзүлсүн деген сунуш жөнөтүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, ошол уруш болгон күнү нөөмөттө турган медицина кызматкерлерине карата тиешелүү чаралар көрүлүшү керек.

Ошондой эле, бейтаптар арасында кайрадан келишпестиктер болуп кетпеш үчүн, бирин башка интернатка которуу сунушу айталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД