Мэрия: Бишкекке дагы 150 троллейбус жана 600 автобус керек

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташый турган 70-75 троллейбус, 200-210 автобус жана 41 жеке фирма тарабынан берилген 2280ге жакын кичи автобустар бар. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, жүргүнчүлөрдү ташуу секторунун абалын анализдөөгө ылайык, Бишкекке дагы 150 троллейбус жана 600 автобус керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 48 жаңы конуштун болгону 38и гана коомдук транспорт менен тейленет.

2012-жылы техникалык кароодон 1975 маршруттук такси өткөн. "Алардын ичинен 179у кайрадан кароодон өтсүн деп, кайтарылып берилген", - дейт борбордук ШИИБ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД