Базарбаев: Маданият кызматкерлери 4,5 миң сомдон алып эмгектенишет

"Бүгүнкү күндө музейлерде жана китепканаларда өз ишин өтө берилип сүйгөндөр иштеп жатат", деп маданият министринин орун басары Кудайберген Базарбаев, бүгүн, 11-сентябрда билим берүү, илим жана спорт боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Айтымында, мурда маданият министрлигинин бюджети 760 млн. сомду түзчү. Туризм маселелерин ыйгаргандан кийинки бюджет 1 млрд.200 млн. сомго жеткен. "Бюджеттин 80 пайызы биздин системада иштеген 12 000 адамга айлык катары төлөнүп берилет. Мындан сырткары биз коммуналдык кызматтарды төлөйбүз. Биздин кызматкерлер эң аз суммадагы 4,5 миң сомдон алып эмгектенишет", деди Базарбаев.

Ошондой эле, аткаминер маданият министрлигинин келээрки жылдагы бюджетин, каржы министрлиги азайтып койгондугуна арызданды. "Биз маданият чөйрөсүн колдоо үчүн эң акыркы минимумдагы сумманы сурап жатабыз. Бирок биз сурап жаткан сумма менен, каржы министрлиги сунуштап жаткан сумманын ортосундагы айырма 780 млн. сомду түзүп жатат", дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД