Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларына жылдыздар ыйгарылат

Маданият жана туризм министрлиги Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионат, эс алуу үйлөрү, отелдер жана башка курорттук дарылоочу обьекттерге белгилүү бир категорияны (жылдыздарды) ыйгаруу үчүн концепция иштеп чыгууда. Бул тууралуу, бүгүн, 11-сентябрда болгон маалымат жыйынында маданият министринин орун басары Данияр Казаков билдирди.

Айтымында, курорртук дарылоочу обьекттердин жаны реестрлери даяр.

Мындан кийинки "жылдыздар" өлкө боюнча бардык отелдерге жана пансионаттарга да берилет.

"Сентябрдын акырында министрилик бардык кызыкдар тарап менен жыйын өткөрөт. Анда "жылдыздарды" ыйгаруу маселеси талкууланат", деди Казаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД