Бишкекте мамлекеттик тил күнүн белгилөө жылдырылды

Мамлекттик тил күнү (23-сентябрь) жекшембиге туш келгендигине байланыштуу, датаны белгилөө 21-сентябрь, жума күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда "ВБ" га берген маегинде мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Чолпон Түмөнбаева билдирди.

Анын айтымында, жума күнү саат 10до Кыргыз улуттук филармониясында майрамга карата салтанаттуу иш чара уюштурулат. Анда концерт уюштурулуп, "Кыргыз Тили" деген жаны клиптин бет ачаары болот.

"Бул республикалык иш чара. Биз президент Алмазбек Атамбаевди жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусун күтүп атабыз. Бирок алар келет деп так айта албайбыз", деди жооптуу катчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД