Коомдук ишмер мамлекеттик бажы кызматын коррупцияга катыштыгы бар деп айыптады

Коомдук ишмер Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматын, четтен келген унааларды ташып келүүдө коррупцияга катыштыгы бар деп айыптады. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда болгон маалымат жыйынында "Эркин Эл" жаштар саясий кыймылынын төрагасы Мавлян Аскарбеков билдирди.

Айтымында, мамлекеттик бажы кызматында түздөн-түз мыйзам бузуулар болуп жатат. 2008-жылдан 2011-жылга чейин Кыргызстандын аймагына 100 миңден ашуун унаа алынып келинген. Ар бир унаанын чыккан жылын, көлөмүн аныкташ үчүн эксперттик комиссиядан өтүшү керек. Бирок, коомдук ишмердин айтымында, аталган комиссия коррупциялашып калган. Эксперттин чыгарган жыйынтыгы 500 сом турат.

"Эгерде мен унаа сатып ала турган болсом, анда бажы кызматына келем. Алар 500 сом үчүн менин ордума документтерди толтуруп бере турган жеке компаниянын брокерине жиберишет. Анан алар мыйзамсыз болгон экспертизага жөнөтүшөт. Мына ушундан кийин гана бажы кызматкери документти толтуруп, бажыдан өткөрөт", - дейт ал.

"Мындай мыйзам бузуулар аркылуу мамлекеттик бажы кызматы кандай чыгашаларды алып келди, эсептеп чыгуу керек", - дейт Аскарбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД