Алдамчылык менен шугулданган Тажикстандын жаранын кармалды

КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, алдамчылык менен шугулданган Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, орган кызматкерлери Тажикстан Республикасынын 54 жаштагы жаранын суракка алыш үчүн Ленин райондук ИИБнын тергөөчүсүнө алып келишкен. Алдамчынын тузагына биринчи болуп Сокулук районунун 61 жаштагы тургуну илинген. 2012-жылдын март айында Чүй проспектисинде жайгашкан Ленин сотунун жанынан, чала тааныш жаран Сокулуктук тургундун ишенимине кирип, унаасын айдап кеткен. Ал кожоюндан уруксат сурабастан, унааны 400 000 сомдук күрөөгө коюп салган.

Алдамчынын экинчи курмандыгына Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну айланган. Жогорудагыдай кадамдарды жасап, айымдын "Ауди А-4" унаасын алып алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД