Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталды: 3 адам каза болуп, 10 адам жабыркады

Бишкек-Ош кан жолундагы болгон жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-сентябрда болжол менен 23:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 276-чакырымында "БМВ", "АУДИ" жана "Фольксваген-Пассат" унаалары кагылышып кеткен.

Кырсыктын натыйжасында 3 адам каза тапкан. Алар 1941-жылы туулган Асанкул Жангазиев, 1962-жылы туулган Жайкал Туйбаева жана 1952-жылы туулган Сабира Максутова. Каза болгон тургундардын баары Токтогул районунун жашоочулары.Алардын сөөктөрү жакындарына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД