"Кумтөр" ишканасында алтын чыгаруучу фабриканын иши жаңыланат

15-сентябрдан тартып Кыргызстандагы ири алтын кен жайы "Кумтөр" ишканасында алтын чыгаруучу фабриканын иши жаңыланат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда , аталган комиссиянын төрагасы Темир Сариев билдирди.

Буга байланыштуу Темир Сариев, сентябрь айынын акырында , октябрь айынын башында кен чыгуучу жерге биргелешкен иш сапар кылууну комиссия мүчөлөрүнө сунуштады. Анда компаниянын иши менен таанышып, жумушчулар менен сүйлөшүшмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД