Өтүп бараткан суткада Бишкекте 5 өрт кырсыгы катталган

Өтүп бараткан суткада Бишкекте 5 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери "ВБ" га билдиришти.

Кечээ, 11-сентябрда болжол менен 23тө, "101"ге Ремесленная көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Өрт өчүргүчтөр келген маалда жалын чатырдын 90 кв.метрин курчап алган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө бир канча убакыт талап кылынды. Учурда эксперттер кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД