Тогуз-Торо районундагы тоо жайыттары эки суткадан ашык өрттөндү

Тогуз-Торо районундагы тоо жайыттары эки суткадан ашык өрттөндү. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

Алгач от жалыны адам барууга кыйын болгон тоо аймагындагы 50 га жерди курчап алган. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундар тартылган. Кол каражаттарынын жардамы менен айылдыктар бир канча күн өрт менен алектеништи. Учурда жалын толугу менен өчүрүлдү. Эми ӨКМнын кызматкерлери күйүп кеткен аймактарды иликтешмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД