Балдардын шалаакы мамилеси ири өрт кырсыгына алып келди

Балдардын шалаакы мамилеси ири өрт кырсыгына алып келди. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк кабарчылар билдиришти.

Талас облусундагы Покровка айылынан кышка камдалып коюлган саман өрттөнүп жатат деген кабарды укканда, өрт өчүргүчтөр дароо окуя болгон жерге барышкан. Ал убакта жалын 4 тонна тоютту жалмап койгон. ӨКМнын кызматкерлери жакын арада жайгашкан турак жайларга жеткирбей, тилсиз жоонун алдын алышты. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыктын келип чыгышына кичинекей бала себепкер болгон. Ал ойноп отуруп самандын жанына от тутандырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД