Жалал-Абад облусунда унаа күйүп кетип, айдоочусу каза болду

Жалал-Абад облусунда унаа күйүп кетип, айдоочусу каза болду. Ал эми анын жанындагы жүргүнчү кыз жаракатка кабылды. Бул тууралуу өрт коопсуздугу боюнча агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-сентябрда, болжол менен түнкү саат 2де, Сузак районуна караштуу Багыш айылдык округунан "Мерседес-Бенц-230" үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти деген билдирүү келип түшкөн. Өрт өчүргүчтөр унаанын ичинен айдоочу Орозбек Манаховдун өлгөн денесин таап чыгышты. Ал эми анын жанындагы жүргүнчү кыз ар кандай даражадагы күйүк менен аймактык ооруканага жеткирилди. Анын аты-жөнү такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД