Ырчы Юлия Руцкая Молдовадан Гран-при менен кайтып келди

Ырчы Юлия Руцкая Молдовадан Гран-при менен кайтып келди. Ал жаш аткаруучулардын эл аралык сынагына катышып, баш байгени багындырды. Бул тууралуу кыргызстандык ырчы, "ВБ" га өзү билдирди.

Эске салсак, 2011-жылы ырчы аталган сынакка катышкан болчу. Анда ал 2-орунга ээ болгон. Бул жолу Кишиневдо уюштурулган сынакка Румыния, Украина, Канада жана башка өлкөлөрдөн ырчылар ат салышкан.

Юлиянын айтымында, ал испан тилиндеги Alejate композициясын тандап алган. Башкы байгени ага молдавалык скульптор Ион Здерчук тапшырган. Ошондой эле ырчы композитор Анатолий Лупудан диплом менен акчалай байге алды.

Ал эми сынактын уюштуруучулары, кыргызстандык ырчыга 2013-жылы боло турган иш чарага калыстар тобунун мүчөлүгүнө чакыруу беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД