"Мекен шейиттеринин" мүчөлөрү Бакиевди экстрадициялоону талап кылышууда

"Биз Жаныш Бакиевди экстрадициялоону же болбосо Белорусия элчилигин жабууну талап кылабыз. Эгерде биздин талаптар аткарылбаса, Белорусия тарап менен дипломатиялык мамилелерди токтотууга зордойбуз",-деп бүгүн, 12-сентябрда, "ВБ"га берген маегинде "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы Арстанбек Сагындыков билдирди.

Эгерде талаптары орундалбаса, анда активдүү жаштар бир жумадан кийин кайрадан Белорусиянын элчилигинин алдында митингге чыгышмакчы. Сагындыковдун айтымында, жакынкы аралыкта алар президент Алмазбек Атамбаев менен кезигүүнү көздөшүүдө.

Эске салсак, 28-августта "Мекен шейиттеринин" мүчөлөрү Белорусия элчилигинин имаратынын алдына чогулушкан. Анда имараттын терезеси жана стенддерди талкаланган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД