Камчыбек Ташиев: Кыргызстан суу үчүн согушка даярбы?

"Кыргызстан суу үчүн согушка даярбы?",-деп "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев, бүгүн, 12-сентябрда жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде президентке суроо салды.

Анын айтымында, мындан бир канча күн мурун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жакында региондо суу үчүн согуш башталат деген билдирүү менен чыккан. "Мунун артында эмнелер жатат? Каримов ким менен согушкан жатат? Эмнеге бул маселе эч бир жерде талкууга алынбайт? Кыргызстан аталган согушка даярбы?", деп президентке суроо берди.

Мамлекет башчысы мындай кооптуу нерсе жок экенин айтты. "Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, муну менен коңшулар бири-биринин тилин табышы керек деп айткысы келген деп ойлойм",- деди Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД