Ирина Карамушкина: Байзуллаева Жогорку сотто иштегенге татыксыз

Свердлов райондук сотунун судьясы Жаухарат Байзуллаева Жогорку сотто иштегенге татыксыз. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда парламенттин отурумунда депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымына караганда, судья Байзуллаева депутаттын жарандык ишин карап чыгышы керек эле. "Бирок ал кылмыш ишине шилтеме жасап ишти токтотуп койду. Бул болсо адепсиз жактоочуларды сот процессинде башкарып алуу мүмкүнчүлүгүнө түртүүдө. Мен иштин не себептен токтоп калгандыгын билиш үчүн шаардык сотко бердим",-дейт депутат айым.

"Эгерде ал мындай учурларда эле ушундай чечимдерди кабыл алып жатса, анда мындан аркы ишин Жогорку сотто ишенүүгө болбойт", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД