Жапаров: Карамушкинанын жеке таарынычтары болсо, үйүнөн айтсын

"Эгерде Ирина Карамушкинанын жеке таарынычтары болсо, анда алар тууралуу үйүнөн айтсын",- деп Ата-Журт фракциясынын лидери Садыр Жапаров парламенттик отурумда билдирди.

Эске салсак, бүгүн парламент Жогорку сотко талапкерлерди карап жатат.

Талапкерлерди талкуулап жатканда КДСПнын депутаты Ирина Карамушкина, "Свердлов райондук сотунун судьясы Жаухарат Байзуллаева, Жогорку сотко иштегенге татыксыз",- деп айтып чыккан. Анын пикиринде, судья депутаттын соттук ишин кылмыш ишине шилтеме кылып токтотуп койгон.

Жапаровдун ою боюнча, кеп адамды өлтүрө сүзүп, андан кийин окуя болгон жерден жашынып калган адамдын жашоосу тууралуу болуп жатат. "Мындан улам Ирина Карамушкинанын дагы, парламенттин дагы, президенттин дагы сотторго басым жасоого укугу жок",- деп түшүндүрдү Жапаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД