Равшан Сабировдун иши боюнча соттук иликтөө башталды

Коррупцияга айыпталып жаткан КР социалдык өнүктүрүү экс-министри Равшан Сабиров, өзүнүн жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевдин кызматынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда соттук отурумда Сабиров өзү билдирди.

Эске салсак, 25-июлда Бишкек шаардык соту аны УКМКнын тергөө абагынан бошоткон. Ал ири көлөмдөгү пара алган деген айып менен кармалган. Иш боюнча судьялыкты Кымбат Архарова алып барууда. Жабырлануучу болуп Александр Ангелиди, ал эми күбө катары Гүлайым Исмаилова катышууда. Ангелиди соттук отурумга келген жок. Ошондой болсо да, тараптар иликтөөнү ансыз деле баштоону чечишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД