Жол кырсыгынан бир жаран каза тапты

Кечээ, 11- сентябрда, болжол менен түнкү саат 2де, Чүй районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда "Фольксваген-Гольф-3" унаасынын айдоочусу, 26 жаштагы жаран Токмок – Прогресс жолунда бара жатып,18-чакырымынан рулга ээ боло албай калган.

Кырсыктын натыйжасында айдоочу ооруканадан каза болду. Ал эми унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД