Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинде митинг болду

Бүгүн, 12-сентябрда, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин имаратынын алдында митинг болду. Анда активисттер, аталган агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаевдин кызматтан кетишин, ошондой эле пайдалуу тоо кендерин иштетүүдө, лицензияларды ишке ашыруу боюнча аукционду токтотууну талап кылышты.

"Кыргызстандын жаңы күчтөрү" элдик бирикмесинин тең төрагасы Кубат Токсонбаев, "ВБ" га берген маегинде, "жаңыдан иштетилип жаткан алтын чыгуучу жайларга 5 жылга мораторий жаряланышы керек",- деди . Айтымында, "Кумтөр" долбоору боюнча коомдук көз карандысыз комиссия түзүлүшү керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД