Жогорку сотко талапкер Болот Акматов президенттин тууганы болуп чыкты

Жогорку сотко талапкер болуп жаткан Болот Акматов президенттин тууганы болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда, парламенттик отурумда судьялык орунга талапкер өзү айтты.

Оппозициядан депутат Акматбек Келдибеков Акматовго: "Президент Алмазбек Атамбаевдин тууганы экендиги чынбы?" - деп кызыгып суроо берди.

"Биз бир айылданбыз. Биздин чоң чоң аталарыбыз бир тууган болгон", - деп жооп кайтарды Акматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД