Кеңешбек Дүйшөбаев кызмат ордунан кеткенине таң калды

"Мени Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынан эмнеге бошотушту, түшүнгөн жокмун. Баардык суроолоруңуздар менен өкмөткө кайрылгыла", -деп Кеңешбек Дүйшөбаев "ВБ" га айтты.

"Мен тараптан эч кандай эреже бузуулар болгон жок. Бул кызматта 1 айга жакын убакыт иштедим. Бирок мени кызматтан эмнеге кетиришти биле алган жокмун",-дейт Дүйшөбаев.

Эске салсак, кечээ, 12-сентябрда Алимбай Султанов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Дагы бир жарлыкка ылайык, аталган кызматтын жетекчилигинен Кеңешбек Дүйшөбаев кызмат ордунан кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД