Ысык-Көл XII Эл аралык спорт оюндарынын алкагында мелдеш башталат

Бүгүн, 13-сентябрда, Ысык-Көл XII Эл аралык спорт оюндарынын алкагында мелдеш башталат. Спорттук иш-чара Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында өтөт.

Мелдештин башкы судьясынын орун басары Владимир Лецкийдин айтымында, бүгүн дагы командалардан заявка кабыл алынууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда, мелдешке Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Кыргызстандан командалар катышат. Ошондой эле, Монголия менен Түркмөнстандан дагы командалардын келиши күтүлүүдө.

Лецкийдин билдиргенине караганда, Ысык-Көл оюндарында спортчулар жеңил атлетика, сууда сүзүү, дартс, аркан тартуу, мини-футбол, волейбол, кол күрөш, гиря спорту боюнча ат салышышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД