Биринчи Май районунан аялдын жана эркек кишинин жансыз денелери табылды

Биринчи Май районунан аялдын жана эркек кишинин жансыз денелери табылды. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандын укук коргоо органынан билдиришти.

Опер кызматкерлеринин айтымында, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин имаратынын биринен ок жанылган аял жана эркек кишинин жансыз денелери табылган. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Мындан тышкары кылмыш болгон жайга Бишкек ШИИБнын тергөө жетекчилиги, ИИМ жана башчылардын орун басарлары жөнөп кетишти.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД