"Кыргызкөмүрдүн" кеңсинде каза болгондордун сөөктөрү моргго берилди

Бүгүн, 18-сентябрда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын техникалык бөлүмүнүн башчысы Сагын Абылкасымовду жана ошол эле ишканада эмгектенген анын ойношун атып кетти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Укук коргоочу органдын кызматкерлеринин айтымында, Абылкасымовдун ойношунун 52 жаштагы күйөөсү, алгач аялына ок чыгарган. Андан кийин "Кыргызкөмүрдүн" кеңсине кирип, Абылкасымовду өзүнүн иш бөлмөсүнөн аткан. Окуядан соң 52 жаштагы жаран атынып өлгөн.

Каза болгондордун сөөктөрү моргго берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД