Путин Кыргызстанга болгон иш сапарында Атамбаев менен гана жолугат

20-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарында, бир канча макулдашууларга; каржы-экономикалык, гидроэнергетикалык жана аскердик саясат байланыш боюнча макулдашууларга кол коюлат. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат басма сөз жана маданият башкармалыгынын башчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

"Орусиянын президенти Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен гана жолугат. Башка расмий жетекчилер менен жолугушуу пландалган жок", - деп баса белгиледи Кадырбеков.

ТИМден билдиришкендей, Путиндин келиши 20-сентябрда күтүлүүдө. Ошондой эле иш сапар расмий статуска ээ эмес.

"Кыргызстан Орусиянын президентин жогорку денгээлде тосуп алууга даяр",- деп билдирди Кадырбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД