"Ысык-Көл Баатырлары" номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

XII Ысык-Көл эл аралык спорт оюндарында "Ысык-Көл Баатырлары" номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аталган номинация боюнча спорттун 4 түрүнөн мелдеш жүрдү: аркан тартыш, сууда сүзүү, күрөш жана оор салмактагы нерсени (ташты) көтөрүү.

Катышуучулар жаш өзгөчөлүктөрү боюнча 2ге бөлүнүштү: 35 жашка чейин жана 35 жаштан жогору.

35 жашка чейинки категориясында "Баатыр" наамына Канимет Барпыбеков ээ болду. Ал КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда болгон оюндарда күмүш байгенин ээси болгон.

Ал эми 35тен жогорку категорияда "Ысык-Көл Баатыры" наамын Нурдин Жумабеков багындырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД