Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын сурагынан чыкты

"Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын сурагынан чыкты.Бул тууралуу 18-сентябрда "ВБ"га депутат өзү билдирди.

"Сурак жайынча өттү. Толугу менен төкпөй-чачпай маалымат жыйынында айтып берем",- деди элдик депутат.

Эске салсак, Жапаров депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбековго карата Бакиевдердин мүлкүн рейдерлик жолу менен басып алган деген айып боюнча суракка кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД