Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы жана анын орун басарлары шайланды

Бүгүн, 18-сентябрда, Жогорку соттун судьялары Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасын жана анын орун басарларын шайлашты.Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин төраганын милдетин аткарып келген Феруза Жамашева мурунку ордунда калды. Ал эми анын орун басарлары болуп кылмыш иши жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча Канатбек Турганбеков, жарандык иштер боюнча Гүлбара Калиева, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басар болуп Бактыгүл Аманалиева дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД