Мектеп кызматкерлерине жана директорлоруна карата 132 кылмыш иши козголгон

Кыргызстанда 2009-жылдан бери мектеп кызматкерлерине жана директорлоруна карата 132 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда билим берүү, илим жана маданият боюнча комитеттин отурумунда Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Малик Бектурганов билдирди.

Ал белгилеп кеткендей, жыл сайын кылмыш ишинин саны өсүүдө.

Эгерде 2009-жылы 17 кылмыш иши козголгон болсо, 2011-жылы бул көрсөткүч 49га жеткен.

"Ушул жылдын 9 айында 39 кылмыш иши козголду. Мектептин кызматкерлерине, директорлоруна карата козголгон 132 кылмыш ишинин арасынан 97си сотко берилди. Борбор калаада 2012-жылдын башынан бери 7 кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө сотко жиберилген", - деди Малик Бектурганов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД