Туратбек Мадылбеков кызмат ордунан кетүүгө арыз берди

Парламент депутаты Туратбек Мадылбеков, ЖМКларга УКМКнын тергөө абагына алынып келинген уулуна тиешелүү билдирүү жасады.

"Бүгүн, 18-сентябрда мен, Ата-Мекен партиясынын депутаты Туратбек Мадылбеков, коррупцияга каршы күрөшү боюнча парламентик комитеттин төрагасынын кызмат ордунан кетүүгө арыз бердим", - деп жазылат билдирүүдө.

"Өзүмдүн партиялаштарыма, кесиптештериме жана Кыргызстандын жарандарына эмне себептен мындай кадамга барганымды түшүндүрүп кетейин. Жакында менин уулум Эльдар Мадылбековго карата олуттуу айыптар тагылды. Мен ата катары анын күнөөсүз экендигине көзү м жетет. Баардык шек саноолор негизсиз экенине мен ишенем. Бирок, мен саясатчы, өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары обьективдүүлүктү сактоого милдеттүүмүн.

Биздин партия ар дайым адилетсиздикке, коррупцияга каршы күршүп келген. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Эч кимге женилдик каралган эмес. Менин уулума карата жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөр обьективдүү болуп жатканына эч ким күмөн санабашы керек. Мени кызмат ордунан пайдаланат деген күмөн саноолор болушуна жол бербейм.

Мындан улам мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеттүүгө арыз жаздым. Менин мындай кадамга барганым, баламдын күнөөлүү экенин моюнга алуу дегендикте жатпайт, мындай сөз болушун да каалабайм.Мен болгону уулумдун иши башка жарандардыкы сыяктуу каралышын каалайм", - деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД