Бишкекте жер алдынан газ өткөрүүчү аймакта ири авария болду

Бишкекте жер алдынан газ өткөрүүчү аймакта ири авария болду. Аталган жайда газ чыккандыктан авариялык оңдоо түздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "ВБ"га Бишкек газ чарба башкармалыгынан билдиришти.

Газ менен камсыздоо Бишкектин түндүк тарабында, Лев Толстой көчөсүнөн тартып "Дордой" соода комплексине чейин, Жаш Гвардия Бульварынан Курманжан Датка көчөлөрүнө чейин токтотулду. Аталган райондун айрым аймактарында гана газ берүү үзгүлтүккө учураган жок.

Газ кызматкерлеринин айтымында, аварияны калыбына келтирүү иши 1 жумага созулушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД