Премьер Нарын облустук соттук-медэкспертиза бюросунун аймагын кыдырды

Кечээ, 18-сентябрда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын шаарын кыдырды. Бул тууралуу КР өкмөтнн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, Жантөрө Сатыбалдиев Ат-Башы ГЭСинде болду. Андан кийин премьер Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун аймагын кыдырды. Мекеменин имараты менен таанышкан соң, өкмөт башчы курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Нарбаевге имаратты кайрадан текшерип чыгууга тапшырма берди. Сейсмологиялык туруктуулугун текшергенден кийин сотмедэкспертиза бюросун капиталдык ремонттон өткөрүү керектигин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД