Аялдар жана эркектер арасында теннис боюнча мелдеш акырына чыкты

XII Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндарынын алкагында аялдар жана эркектер арасында теннис боюнча мелдеш акырына чыкты. Спорттук иш чарада 35 жашка чейинки категорияда финалга Бишкектик Павел Лях жана Кытайлык К Чан Па чыкты. Жыйынтыгында, Павел Кытайлык спортчуга алтын байгени алдырып жиберип, өзү күмүш байгенин ээси болду.

Ал эми аялдар арасында 35 жашка чейинки категорияда кыргызстандык Сабина Корсунова, 35 жаштан жогорку категорияда кыргызстандык Роза Исабекова алтын медалды багындырышты. Эркектер арасында жогорку жаш категориясында кыргызстандык Темир Байчериков жеңишке жетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД