Бүгүнкү күндө республикада сибирь жарасынын 1 236 очогу катталган

Кечээ, 18-сентябрда, КР вице-премьер-министри Камила Талиеванын төрагалыгы алдында Республикалык эпидемия жана эпизоотикага каршы комиссиясынын 1-отуруму болду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Кубатбек Акматбековдун айтымында, бүгүнкү күндө республикада сибирь жарасынын 1236 очогу катталган. Алардын 44 пайызы табылган. Ошондой эле, бул жылы сибирь жарасына шектелип 12 адам катталган, алардын ичинен 5 факт аныкталды.

Андан сырткары 11 миңден ашуун адамдан турган тобокел тобун вакцина менен камсыздоо тууралуу маселе көтөрүлдү. Эмдиги жылдан баштап милдеттүү түрдө сибирь кулгунасын жуктуруп алуу коопсуздугу жаралган топтор, жеке ишкерлер, эт азыктарын сатуучулар жана башкалар вакцинадан өтүшү керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД