Унаанын ичинен 200 000 сомду белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен

Унаанын ичинен 200 000 сомду белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда Ленин РИИБга баш калаанын 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал күндүз "РАФ-4" унаасынын ичинен кылмышкерлер 200 000 сом салынган сумкасын, 2 уюлдук телефонун, паспортун жана унаанын ачкычын уурдап кетишкенин айткан. Маалыматка караганда, унаа Фучик көчөсүндө токтоп турган.

Ленин райондук ИИБнын аймактык тескөөчүлөрү аталган окуяга шектүү делген 18 жаштагы жаранды кармашты. Учурда аны убактылуу кармоочу жайга алып келишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД