Кыргызстанда 257 спортчу мамлекеттик стипендия алат

Кыргызстанда 257 спортчу мамлекеттик стипендия алат.Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Байгазы Кенжебаев билдирди.

Айтымында, эң чоң көлөмдөгү мамлекеттик стипендия 45 000 сом, ал эми эң төмөнкү стипендия 2 000 сомду түзөт. "Негизинен биз каражаттарды убагында берүүгө аракет кылабыз. Акыркы убактарда бир аз кармап калууга туура келди, анткени каржы министрлиги каржылоону жакында эле ачты", - дейт Кенжебаев.

Мындан кийинки айдан баштап спортчулар стипендиясын карточка системасы аркылуу алып башташат. "Стипендияны жана командировкага кетчү каражатты карточка аркылуу бермей болдук, бул өз убагында коррупциядан качууга жардам берет", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД