Пирматов экономика тармагын өнүктүрүү боюнча комитеттин башчылыгынан кетти

"Экономика тармагын өнүктүрүү боюнча комитеттин башчылыгынан мени алмаштырып рахат тартуулатпай, кызматтан өзүм кеттим", - деп парламенттик отурумда "Республика" партиясынын депутаты Исхак Пирматов билдирди.

Бүгүн отурумдун жүрүшүндө вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов экономика тармагын өнүктүрүү боюнча комитеттин башчылыгынан кетүүгө арызын берди деп билдирген. Ошондой эле экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин башчысы Алтынбек Сулайманов, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин башчысы Туратбек Мадылбеков кызматтан кетүүгө арыздарын беришкен. Депутаттар алардын кызмат ордунан кетишине макулдугун беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД