Депутат: Талас облусу кышка даяр эмес

Талас облусу кышка даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда болгон маалымат жыйынында, Талас облусунун Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты Кубанычбек Жээнчороев билдирди.

Айтымына караганда, "Маймак" станциясынын жабылып калгандыгы үчүн, облустун баардык райондорунда көмүр жок. "Талас облусунда кырдаал оор. Бийликтегилер жергиликтүү тургундардын жагдайын ойлоп да коюшпайт. 2012-жылдын 3-августунда "Маймак" станциясы жабылган, ошондон бери элеттиктердин экономикалык абалы начарлап кетти", - деп Маймак райондук кеңешинин төрагасы Орозбек Шүкүров.

Маймак айылдык округунда 800гө жакын тургун жашайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД