Калмамбетов : Жергиликтүү компаниялардан көмүр сатып ала албайбыз

"Биз азырынча жергиликтүү көмүр өндүрүүчү компаниялардан кара алтынды сатып ала албайбыз",- деп 19-сентябрда парламенттик отурумда КР энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калмамбетов билдирди.

Аткаминер көп көлөмдөгү көмүрдү иштетип чыгаруу үчүн техниканын жетишсиз экендинин айтты. Ушул себептен алар жергиликтүү көмүр компанияларынан кара алтынды сатып алууну жүргүзүшпөйт. " Жергиликтүү көмүр менен камсыздоого акырындык менен өтсө болот", - деди Калмамбетов.

Депутат Кожобек Рыспаев министрдин айткандарына макул болду. Айтымында, нормалдуу техника гана эмес, инфраструктура да жок. "Бизде өлкөнүн бир башынын экинчи башына ташуу үчүн темир жол жок. Ал эми жүк ташуучу унаа менен көмүр жеткирүү алда канча кымбат. "Шабыркүл" көмүрү Бишкек ЖЭБ үчүн ылайыктуу болот", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД