Талас облусунун тургундары митингге чыгууга даяр

Талас облусунун тургундары "Маймак" станциясынын жабылып калгандыгы үчүн митингге чыгууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда болгон маалымат жыйынында Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты Кубанычбек Жээнчороев билдирди.

Анын айткандарына караганда, 3-августта бир тараптуу эреже менен Казакстан "Маймак" станциясын белгисиз себептерден улам жаап салган.

"Тургундар станцияда азык-түлүк продукцияларын, фасоль, картошка жана башка азыктарды сатуу менен алектенип келишкен. Азыр болсо эч нерсе ташып кирүүгө болбойт", дейт депутат. "Эгерде бийликтегилер Талас облусунун тургундарына эч кандай жооп беришпесе, анда митингге чыгууга даяр", - деп кошумчалады ал.

"Тургундардын басымдуу бөлүгү станцияда жүк ташыгыч болуп иштеп күн өткөрүп келишкен. Азыр болсо эмне менен алектенишет?", - деди Жээнчороев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД